Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Чүйдө өрт кырсыгында эки адамдын өмүрү кыйылды


Өткөн суткада Кыргызстандын аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Көпчүлүгүнүн себеби - электр жабдууларын колдонуу жана өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбай калганы. Чүйдүн Панфилов районундагы Ровное деген айылда өткөн түнү өрт чыгып, үй ээси, 84 жаштагы Михаил Свечников жана анын уулу, 52 жаштагы Владимир Свечников иске ууланып каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

22-декабрда Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо жаңы конушунда иске ууланып 3 жана 4 жашар эже-сиңди чарчап калган. Энеси оор абалда ооруканага жеткирилген. (RK)

XS
SM
MD
LG