Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Орусия: Федерация кеңешинин комитети чуулгандуу мыйзам долбоорун жактырууну сунуштады


Орус парламентинин жогорку палатасы – Федерация кеңешинин – конституциялык мыйзамдуулук жана сот иштери боюнча комитети америкалыктарга Орусиядан бала асырап алууга тыйуу салган мыйзам долбоорун жактырды жана Кеңешке бул чечимди колдоону сунуштады. Федерация кеңешинин жыйында бул маселе эртең каралат.

Өткөн жума күнү Орусиянын Мамлекеттик думасы аталган мыйзам долбоорун толугу менен жактырган. Мыйзамды айрым депутаттар Орусиядан багылып, кийин АКШда көз жумган Дима Яковлев деген эки жаштагы баланын ысмы менен аташкан эле.

Мыйзам долбоору АКШнын Сенаты кабыл алган айтылуу “Магнитский актына” жооп катары сунуш этилген. "Магнитский актысына" ылайык, орус түрмөсүндө киши колдуу болгон юристтин өлүмүнө тиешеси бар делген чиновниктерге жазана иретинде виза бербөө каралган эле.

XS
SM
MD
LG