Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

Ооган полициясына тренинг өткөргөн америкалыкты өлтүргөн аял ирандык жаран экени аныкталды


Ооганстандын Ички иштер министрлиги кечээ Кабулдагы полициянын баш-кеңсесинде америкалыкты атып өлтүргөн аял-полициячы ким экенин аныктаганын кабарлады. Министрликтин расмий өкүлү Сыдык Сыдыки бүгүн журналисттерге сүйлөп жатып, полициянын кызматкери Наргизге ооган жарандыгын мындан 10 жылдай мурда күйөөсү жасалма документтер аркылуу алып берген. Азыр 33 жаштагы Наргиз - төрт перзенттин энеси. Эки жыл мурда ал Ооганстандын Ички иштер министрлигиндеги гендердик укуктар бөлүмүнө ишке кирген. Бирок соңку кабар Иранда туулган Наргиз дале ал өлкөнүн мыйзамдуу жараны экенин билдирет. Азыр бийликтер анын күйөөсү да кармалганын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG