Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Бүгүн Бишкекте оппозициялык кыймыл жыйынга чогулат


Бир катар саясий партиялардан жана уюмдардан турган “Эл үнү” коомдук саясий кыймылы бүгүн бийликке берилген талаптарды аткаруу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу жыйынга чогулуп, кийинки аракеттерин талкууламакчы. “БЭК” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Мамбетжунус Абыловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүн Кумтөр алтын кени тууралуу келишимди жокко чыгаруу, башка кендерди аукционго коюп сатууга тыюу салуу маселеси 1-орунда болот, мындан тышкары 2010-жылдын 7-10-апрелиндеги талап-тоноочулукту иликтеген коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн маалыматы угулат.

“Эл үнү” коомдук саясий кыймылы 1-декабрда түзүлүп, бийликке авторитаризмге оогонду токтотуу, Кумтөр боюнча келишимди бузуу талаптарын койгон. Мындан тышкары “Ата Журт” партиясынын депутаттары - Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Нариман Түлеевди 5-декабрдан кечиктирбестен үй камагына чыгарууну да талап кылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG