Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

“Ата Журттун” депутаттарынын ишин Биринчи Май райондук соту карайт


Маалыматтарга ылайык 25-декабрда Жогорку Кенештин “Ата-Журт” фракциясынын мүчөлөрү Камчыбека Ташиева, Садыра Жапарова жана Таланта Мамытовдун иши Биринчи Май райондук сотуна жиберилди. Бул иш боюнча алардын жардамчылары жана коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев да соттолушат. Булардын баарына “бийликти басып алууга ачык чакырык таштаган жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айыптар тагылууда.

3-октябрда Ак үйдүн алдында болгон нааразылык митингинин катышуучуларынын курчап турган тосмодон ашып түшүү аракетин милиция токтоткон. Митингден кийин “Ата Журт” фракциясынын үч мүчөсү: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов камакка алынышкан. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG