Расмий маалымат боюнча египеттик шайлоочулар референдумда исламчылар жазган Баш мыйзамга 63,8% добуш менен макулдугун беришти. Бирок шайлоо комиссиянын төрагасы 15-22-декабрда болгон референдумга 52 млн. шайлоочунун 33% гана катышканын билдирди. Шайлоо комиссиясы добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар референдумдун жыйынтыгына таасир эте албасын белгиледи.
Президент Мухамед Мурси жана анын исламчыл союздаштары жаңы Баш мыйзам өлкөдө экономикалык өсүштөрдү жаратат жана туруктуулукту камсыз кылат деп айтышууда. Ал эми Египет оппозициясы жаңы Конституцияда адам укуктары каралбаганын белгилөөдө.
Жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы – эки айдан кийин Египетте парламенттик шайлоо өткөрүүгө жана өкмөттү жаңыдан куроого мүмкүнчүлүк берет.