Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

"Эл үнү": Кумтөр келишимин токтотуу үчүн он миңден ашуун кол топтолду


Кыргызстанда Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишимдин денонсациясы үчүн он миңден ашуун кол топтолду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков билдирди.

Ушу тапта Бишкекте "Эл үнү" коомдук-саясый кыймылынын экинчи жыйыны өтүп жатат. Күн тартибинде төрт маселе бар. Биринчиси - Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо талабы менен топтолгон 10 миңден ашык кол тууралуу документти Жогорку Кеңешке тапшыруу, экинчиси - денонсация болгончо Кыргызстандагы кен байлыктар боюнча аукциондорго убактылуу тыюу салуу, үчүнчүсү - апрел окуясындагы талап-тоноочулук жана рейдерлик басып алууларды иликтеген депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн баяндамасын угуу. Ал эми төртүнчүсү - уюштуруу маселелерин кароо.

1-декабрда Бишкекте ондон ашык оппозициялык маанайдагы партия жана уюм өкүлдөрү жыйын куруп, “Эл үнү” коомдук-саясий кыймылы түзүлгөнүн жарыялаган. Бул жыйын ич ара чыр-чатак менен коштолгон. (EBM/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG