Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Жапаровду парламентке алып келүүнү талап кылышууда


Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары жана дагы бир катар эл өкүлдөрү УКМКнын тергөө абагында отурган депутат Садыр Жапаровго суроо берүү үчүн аны парламент жыйынына алып келүү талабын коюуда. Депутаттардын айтымында, Жогорку Кеңештин регламентинде эл өкүлү өзүнүн кол тийбестиги каралып жаткан чакта жыйында болушу керек деген берене бар.

Бирок Баш прокурор Аида Салянова Жапаровду алып келүүгө зарылчылык жоктугун, депутаттык комиссия аны менен бир нече ирет жолугушуп, тиешелүү суроолоруна жооп алганын жүйө келтирди.

Бүгүн парламент “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаровду тергөө ишине тартууга макулдук берүү же бербөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыгын карап жатат. Баш прокуратура ал Бишкек шаарындагы Киев көчөсү 74 дарегинде жайгашкан имаратты мыйзамсыз сатып алганын айтууда. Жапаров менен бирге бул иште депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков да айыпталууда.

Депутаттар Жапаровду алып келүү маселесин танапистен кийин кайра улантышат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG