Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Ош ТВ мыктыларды атады


Ош ТВ телекомпаниясы "Жыл жаңырыгы" долбоорунун жыйынтыгын чыгарууда. Ар тармак боюнча мыкты деп аталган инсандарга сыйлык тапшыруу салтанаты кечээ башталды, бүгүн жыйынтыктоочу күнү.

Телекомпаниянын директору Сюита Соурбаеванын айтымында, "Жылдын адамы" деген наам бүгүн кечинде өтө турган салтанаттуу жыйында "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги директору Султан Жумагуловго тапшырылат:

Быйыл сыйлыктын географиясын кеңейтип, түштүк менен түндүктү бириктирели деп Бишкектен да, түштүктөн да бир топ жетекчилер сыйланууда. Айта кетсек, быйыл "Жылдын адамы" деген номинацияга кесиптешибиз, "Азаттыктын" директору Султан Жумагулов татыктуу болду. Мындай жыйынтыкты биз өзүбүз эле эмес, эл арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун, келип түшкөн SMSтердин натыйжасында чыгардык.

Жылдын мыктысы делген саясатчы, дарыгер, мугалим, ишкана, ырчы, комузчу жана башка номинациядагы жеңүүчүлөрдүн жалпы саны 22. (RK)

XS
SM
MD
LG