Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Жалал-Абад шаар кеңешинин сессиясы болбой калды


Жалал-Абад шаар кеңешинин бүгүнкү сессиясы болбой калды. Салтанаттуу жыйында 15 депутатка шайланганы тууралу күбөлүк менен төш белги тапшырылды. Калган 16 депутат жыйынга келбей калгандыктан шаар кеңештин алтынчы чакырылышынын алгачкы сессиясы болгон жок.

Шаар кеңеште 31 депутаттык орун бар. 25-ноябрдагы шайлоодо он партиядан 408 киши депутаттыкка талапкер болгон. Утуп чыккан “Өнүгүү” партиясынын 15 мүчөсү, КСДП жана “Ата-Журт” партияларынын ар биринен 8ден мүчө Жалал-Абад шаар кеңешинин депутаттыгына шайланганы тууралуу БШК чечим чыгарган. Калган жети партиянын өкүлдөрү шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деп анын жыйынтыгын жокко чыгаруу жана аймактык, борбордук шайлоо комиссияларын таркатуу талабы
менен митинг өткөргөн. Аймактык шайлоо комиссиясы аларга карата айтылган айыптоолорго негиз жоктугун билдирген. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG