Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

27-декабрга карата аба ырайы


Шашылыш билдирүү
27-28-декабрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137 км, 198-265 км), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 км) жана Каракол - Эңилчек (45-90 км) тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалар ортосунда 500 метр аралыкты айдоочулар так кармоосу керек.

Аба ырайы
27-декабрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында дээрлик жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...-8,
Талас облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -4...-9,
Баткенде түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, чыгыш тарабында -14...-19, күндүз 0...-5, чыгыш тарабында -3...-8,
Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз -8...-13,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25...-30, күндүз -14...-19,
Тоолордо түнкүсүн -20...-25, ал эми күндүз -10...-15 болот.

Бишкекте кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -15...-17, күндүз -4...-6 градус.

XS
SM
MD
LG