Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 06:03

Тогуз-Торо: Кар көчкү унаа жолду тосуп калды


Тогуз-Торо районунда унаа жолго кар көчкү түшүп тороп калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Түштө Тогуз-Торо районун Казарман - Акталчат унаа жолунун 42-чакырымында жалпы көлөмү 500м³ кар көчкү түшкөн. Тазалоо иштери жүрүүдө. Жол каттам убактылуу жабык. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG