Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу убактылуу жабык


Жол 45-130-чакырымына түшкөн кар көчкүгө байланыштуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатканын, бирок коюу туманга байланыштуу кар тазалоочу техниканын иши үзгүлтүккө учурап жатканын кабарлады. Кар көчкүгө байланыштуу Транспорт жана байланыш министрлиги жабылган жолдун эки тарабына, 26-чакырымына жана 115-чакырымына атайын жол бекетин орнотту.

Апта башында Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолуна кар көчкү түшүп, 20 чакты машине 150 жүргүнчүсү менен көчкү баскан аймакта калышкан. Куткаруу иштеринин натыйжасында жол ачылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG