Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Чымкентте кулаган учактын "кара жашиги" табылды


Куткаруучулар Казакстандын Чымкент шаарынын жанында кулап түшкөн учактын “кара жашигин” табышты. Кечээки кырсыктан АН-72 аскердик учакта бараткан бардык 27 киши, анын ичинде Казакстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысы полковник Турганбек Стамбеков жубайы менен, чек ара кызматынын бир топ жетекчилери набыт кеткен. Улуттук Коопсуздук комитетинин жетекчиси Нуртай Абыкаев бүгүн Чымкенттеги пресс-конференцияда “кара жашикте” жазылган маалыматтар кырсыктын себептерин билүүгө жардам берет деп ишенээрин айтты. Чек ара кызматынын жетекчи милдетин атаркауучусу болуп Абай Брекешев дайныдалды.

Президент Нурсултан Назарбаевдин буйругу менен эртең Казакстанда аза күтүү күнү жарыяланды. Кыргызстан мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Назарбаевге жөнөткөн катында кыргыз элинин атынан көңүл айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG