Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Египеттин президенти жаңы Баш мыйзамды туруктуулук алып келет деп ишенет


Өзүнүн исламчыл союздаштары тарабынан жазылган Баш мыйзам өлкөгө туруктуулук алып келет деген сөзүн Мухамед Мурси кечээ сыналгы аркылуу элге жасаган кайрылуусунда билдирди. Ал сөзүндө Баш мыйзам египеттиктер тарабынан ачык-айкын референдум аркылуу бекитилди деп айтты:

- Бүтүндөй Египет эли, ак көңүл адамдар, эркектер жана аялдар, биз бүгүн жаңы Конституцияны майрамдап жатабыз. Бул тарыхый күн. Эми Египеттин жана египеттиктердин өздөрү тандап алган Баш мыйзамы бар. Бул Баш мыйзам падыша тарабынан таңууланган жок, президент тарабынан бекитилген жок, бул Баш мыйзам египеттик карапайым адамдардын өз эрки менен бекитилген документ.

Расмий жыйынтык боюнча өлкөнүн жаңы Баш мыйзамына референдумга катышкан элдин 63,8% макулдугун беришкен, бирок добуш берүүгө жалпы 52 млн. шайлоочунун үчтөн бири гана катышкан.

Бир аз мурдараак Баш мыйзамга кол койгон президент саясий күчтөрдү диалогго чакырган. Оппозиция болсо жаңы Баш мыйзам адам укуктарын коргобосун айтып, өлкөнүн келечеги үчүн пайдубал болуп бере албайт деп билдирип келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG