Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Сирия өкмөтү Москва менен сүйлөшүүгө барары кабарланды


"Ройтерс" жана ИТАР-ТАСС агенттиктери Сириянын тышкы иштер министри Файз ал-Махдед баштаган делегация Сириядагы чатакты чечүү маселесин Москва менен сүйлөшөрүн кабарлашты. Орусия тараптан тышкы иштер министри Сергей Лавров катышуучу бул жолугушуу 27-декабрга белгиленген.

Ишемби күнү БУУнун элчиси Лахдар Брахими Сирия маселеси боюнча Москвага барары күтүлүп жаткан, ал апта башында Сириянын президенти Башар Асад менен жолугушканы белгилүү.

Орусия Сириянын оппозициясын колдогон Батыш жана араб өлкөлөрүн сындап келет., Батыш болсо Орусия Сириянын режимин курал менен жабдып жаткан бирден-бир өлкө деп белгилеп келатат.

XS
SM
MD
LG