Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Токтогул ГЭСинде гидрогенератор иштебей калды


Токтогул ГЭСинде №4 гидрогенератор иштебей калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынан кабарлашты.

Ошол себептен республиканын аймагында бир нече саттан электр жарыгы өчүрүлөт. Гидрогенератор эмне себептен иштебей калганын азыр адистер изилдеп жатышат. Авариялык ремонт иштери уланууда.

Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында 70 мегаватт, Ысык-Көлдө 45, Нарында 20, Талас облусунда 25 мегаваттык өчүрүүлөр болуп турат. Болжол менен таңкы саат 7ден 12ге чейин жана кечки 4төн түнкү 12ге чейин. Электрди өчүрүүлөр зарылчылыгына жараша башка убакытта да болушу мүмкүн. Мындай чара көрүү канча күн созулаары азырынча расмий айтыла элек. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG