Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Жалал-Абадда "Өнүгүү" партиясынын тарапкерлери митинг өткөрдү


Жалал-Абадда "Өнүгүү" партиясынын тарапкерлери митинг өткөрдү. Бүгүн мэриянын алдына чогулган партиянын жүзгө жакын колдоочусу кечээ түштөн кийин "Ата-Журт" жана КСДП партияларынан шайланган шаар депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин уюштуруу сессиясын өзүнчө, "Өнүгүү" партиясынын өкүлдөрүсүз өткөргөндүктөрүнө нааразы болушту. Алар тартип коргоо уюмдарынан маселени териштирип, жыйынтыгын жарыя кылууну өтүнүштү. "Ата-Журт" партиясынын өкүлдөрү уюштуруу сессиясына бардык депутаттар чакырылгандыгын
билдиришти.

26-декабрда түштөн кийин КСДП жана "Ата-Журт" партиясынан шаар кеңешке шайланган 16 депутат сессия өткөрүп, кеңештин төрагасы менен анын орун басарын шайлаган. Ошол эле күнү түшкө дейре "Өнүгүү" жана "Ата-Журт" партияларынан 15 депутат чогулуп, кворум жоктугунан шаар кеңеш сессиясы болбой калган.

31 депутаттан турган Жалал-Абад шаар кеңешине "Өнүгүүдөн" 15, "Ата-Журт" партиясынан 8, КСДП партиясынан 8 мүчө депутаттыкка шайланган.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG