Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Сириянын расмий делегациясы Москвага сүйлөшүүгө келди


Сириянын тышкы иштер министринин орун басары Фейсал Микдад башында турган делегация Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүгө келди. Орусиянын ТИМнин маалымат катчысы Aлександр Лукашевич Москвада өткөн маалымат жыйында алдыдагы жолугушууда талкуулана турган суроолорду белгиледи:

- Биз Сириядагы кырдаалды дипломатиялык жол менен жөндөө боюнча комплекстүү суроолорду талкуулайбыз. Анын ичинде Брахими мырзанын сириялык бийлик менен оппозициянын улуттук диалоггун уюштуруу, кан төгүүнү токтотуу боюнча соңку аракеттерин дагы талкуулайбыз.

Улуттар Уюму менен Араб лигасынын Сирия боюнча эл аралык чабарманы Лахдар Брахими Дамаскта президент Асад жана оппозиция менен жолуккандан кийин өлкөдөгү алавиттер менен радикал суннитер кирбеген өткөөл өкмөт түзүүнү сунуштаганын орус маалымат агенттиктери жазып чыкты. Президент Асад болсо 2013-жылдын ортосуна чейин бийликте калат, бирок 2014-жылы өтчү президенттик шайлоого катыша албайт. Бул планды элчи Брахими Москва жана Вашингтон менен макулдашкан.

«Интерфакс» агенттиги Сириядагы революциялык жана оппозициялык күчтөрдүн улуттук коалициясы мындай сунушка каршы болуп, Асад жана анын өкмөтү бийликтен тез арада кетишини талап кылганы кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG