Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Британдар Антарктикада көлдү иликтөөнү токтотту


Британдык окумуштуулар техникалык себептерге байланыштуу Антарктикада үстүн 3 км. муз каптап турган Эллсуорт көлүн иликтөөнү токтотту. Окумуштуулар атайын түтүк аркылуу чоң басымдын алдында кайнаган сууну муздун жараңкасына куюшкан. Мындай жол менен муз катмарын тешип өтүп, көлдүн суусунан, анын түбүнөн анализ алышмак.

Тилекке каршы техникалык жактан мындай ишти жүргүзүү оор болгондуктан, убактылуу токтоду. Окумуштуулар көлдү иликтөөнү 1 жылдан кийин улантууга мүмкүндүгүн айтышты. Азырынча Антарктикада муз алдындагы 387 көлдүн эч бири иликтене элек.

XS
SM
MD
LG