Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:44

Президент Путин талаштуу мыйзамга кол коюуга ниеттенүүдө


Президент Путин америкалык жарандарга орусиялык балдарды багууга тыюу салган мыйзамдын тексттин окуй электигин айтып, бирок ага кол койбой коюуга эч кандай негиз жоктугун айтты:

- Силер билгендей, дүйнө жүзүндө жашоо Орусиядагыдан жакшы жерлер көп болсо керек. Эми эмне кылалы? Бардык балдарыбызды ошол жактарга жиберелиби? Балким баарыбыз көчүп кетээрбиз?

Америкалык үй бүлөлөргө орусиялык балдарды асыроого тыюу салган мыйзам АКШ Конгресси кабыл алган “Магнитский мыйзамына” каршы чара катары Орусияда иштелип чыкты.

Мыйзам долбоорун шаршембиде Федерациялар Кеңеши жактырган. Бул мыйзам долбоору АКШ-Орусия алакасын кайрадан чыңалтууда.

Улуттар Уюмунун Балдар кору – ЮНИСЕФтин эсептөөсүндө Орусияда 740 миң бала жетимдер үйлөрүндө болсо, 18 миң орусиялык үй бүлө бала асыроого кезекте турат.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Энтони Лейк орус бийликтерин балдар үйлөрүндөгү жетимдердин тагдырына көңүл бурууга чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG