Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Борбор Азиядагы энергетикалык айлампа тууралуу сүйлөшүү бүтө элек


Бул маселе боюнча сүйлөшүү ушул күндөрү Ташкенде жүрүп жатат, азырынча Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан Борбор Азия энергетикалык айлампасы боюнча келишимге келгени тууралуу маалымат жок деп билдирди Улуттук электр станциялары АКнын жетекчи орун басары Алексей Бородин. Анын айтымында, бул маселе боюнча Астанада болгон сүйлөшүүгө Кыргызстандан энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калманбетов менен Улуттук электр станциялары АКнын жетекчиси Медетбек Айткулов барган. Бирок азырынча тараптар бир пикирге келише элек.

Казак тарап акыркы эки жылдан бери Борбор Азиядагы энергетикалык айлампадан чыгарын билдирип келет. Казактар буга Өзбекстандын айлампадан электр энергиясын санкциясыз алып жатканын себеп кылышууда. Эгер Казакстан айлампадан чыкса, Кыргызстандын түндүгүнүн бир бөлүгү электр энергиясыз калат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG