Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Өрт өчүрүү кызматы Жаңы жыл түнү коопсуздукту күчөтүүгө чакырууда


Өрт өчүрүү кызматы тараткан маалыматта Жаңы жылды майрамдоодо от чачыраткан тарсылдактарды колдонууда, жаңы жылдык балатыны орнотууда эске алынуучу эрежелер тууралуу айтылган. Ага ылайык, жаңы жылдык балаты сыртка чыгуучу эшиктен алыс, дубал менен шыптан 1 метр аралыкта жайгаштырылышы керек. "Ал эми ага илинген электр шамчырактарынын күчү 25 ВТтан ашпоосу зарыл. Атылуучу тарсылдактар сөзсүз түрдө ачык асман алдында, коопсуздуктун бардык эрежелерин сактоо менен атылышы керек жана аларды жашы жетелек балдарга пайдаланууга бербөө зарыл" деп белгиленет билдирүүдө.

Өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча өткөн 2012-жылды тосуп жаткан түнү 24 жерде өрт чыгып, анда 4 киши набыт болгон, алардын экөө балдар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG