Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Саакашвили мунапыска каршы чыкты


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили анын каршылаштары тарабынан парламентте кабыл алынган мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун кайра артка жөнөттү. Документте өлкөнүн түрмөлөрүнөн үч миңден ашуун кишини эркиндикке чыгаруу тууралуу айтылган эле. Ал бейшембиде парламент тарабынан 200 чамалуу киши саясий камакта отурат деген чечими - Грузияда диктатура орногонун көрсөтүп каларын айтып, ага кошулбасын билдирген.

Саакашвили мунапыска көрсөтүлгөндөрдүн арасында оор кылмыштарды жасагандар да бар экенин айтты.

Сынчылар болсо Саакашвилинин бийлиги тарабынан куугунтукка алынып, эркинен ажыратылгандар көп экенин айтышууда.

Оппозициялык “Грузин кыялы” коалициясы октябрь айында парламенттик шайлоодо Саакашвилинин "Бириккен улуттук кыймыл" партиясын утуп алып, анын лидери Бидзина Иванишвили өкмөт башчы болуп калган.

XS
SM
MD
LG