Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Сенатта демократтар АКШ каржылык кыйроонун алдында турганын эскертишти


Демократиялык көпчүлүктүн башчысы Гарри Рид бейшембиде Сенатта сүйлөгөн сөзүндө жаңы жылдын бюджетин кароого 31-декабрга чейин өтө аз убакыт калганын айтты. Эгерде демократтар менен республикачылар бул боюнча мунаса таба албаса, январдан тарта автоматтык түрдө салыктар көтөрүлүп, өкмөттүк чыгымдар кыскартылат. Көпчүлүк эксперттер бул – АКШ экономикасын кайрадан рецессияга кептеп, дүйнөлүк экономикага залакасын тийгизет дешет.

Кечээ АКШ президенти Барак Обама Гавайидеги майрамдык эс алуусун кыскартып, эмки жылдын бюджети боюнча Конгресстеги республикачылар менен мунаса табуу аракетинде Вашингтонго кайтып келген.

XS
SM
MD
LG