Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

ИИМ ичиндеги тиреш


Милиция кызматкерлери Курман айт намазы окулган аянтта. Бишкек, 26-октябрь, 2012.
Милиция кызматкерлери Курман айт намазы окулган аянтта. Бишкек, 26-октябрь, 2012.

Ички иштер министрлигинин ичиндеги кадрдык которуулар карама-каршылыктарга, жаңы жаңжалга себепчи болду.

Өткөн аптада кызматтан алынган министрликтин ички коопсуздук боюнча башкармалыгынын жетекчиси Айтмамат Рахманов жумуштан мыйзамсыз бошотулганын айтууда. Ага чейин министр Шамил Атаханов Рахманов жаңы жетекчини иш бөлмөсүнө киргизбей, каршылык уюштурганын билдирген болчу.


Нааразылыктын себеби эмнеде?


27-декабрда маалымат жыйынын өткөргөн Айтмамат Рахманов министр Атахановдун билдирүүсүн жалган деп четке какты. Ал кызматтан алынгандан соң эч кандай мыйзамга каршы аракет кылбаганын айтып актанды:

- Мен иш бөлмөмдө жашырынып алган жокмун. Кызматкерлерим менен сыртта эле тургам. Анын баарын тасмалар көрсөтүп эле турат. Аны билбей, азыр ар кыл жалган маалыматтарды таратып жатат. Кылмыш иш козголот дешти, ишти козгоп эле көрүшсүнчү... Өздөрү кызматынан ашкере пайдаланганы аныкталат. ИИМдин ыкчам тобун чакырууга акысы жок болчу. Мага атайын бөлүктү чакыргандай террорист белем? Менин кадыр-баркымды кетиргени үчүн бир нече доонун негизинде сотко берем. Министр баш болуп жооп берип жатышсын...

Шамил Атаханов
Шамил Атаханов
Ошол эле кезде Рахманов Шамил Атахановдун кадрдык которуштуруулары министрликтин ички курамында нааразылыктарды жаратып жатканын айтып, чыр ырбап кетпеси үчүн өлкө жетекчилерин чечкиндүү чара көрүүгө чакырды.

Ага чейин 25-декабрда ички иштер министри Шамил Атаханов Айтмамат Рахманов кызматтан алынганына карабай, жаңы дайындалган жетекчини иш бөлмөсүнө киргизбей, каршылык уюштурганын журналисттерге билдирген.

Атахановдун айтымында, ИИМдин атайын ыкчам бөлүгү келип, абалды жөнгө салган.

ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов министрдин сөзүн “Азаттыкка” дагы бир ирет тастыктады:

- Чындыгында эле Рахманов кызмат ордун бошотуп бербей, өзүнүн алдындагы кызматкерлерди министрдин буйругун аткарбай, каршы турууга үндөгөн. Бул чындык болбосо, министр оюнан чыгарып айтмак беле? Ошондуктан министр Атаханов Рахмановго кылмыш иш козгоону тапшырган.

5-август, 2010-жыл
5-август, 2010-жыл
Рахмановдун ордуна дайындалган Сайпидин Камалов 2010-жылдагы апрель ыңкылабына чейин ИИМдин ички коопсуздук башкармасын жетектеп келген. Ыңкылаптан кийин кызматтан алынып, бирок бул чечимге макул болбой сотко кайрылган.

Быйыл ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны мурдагы кызматка дайындоо боюнча чечим чыгарган. Ушундан улам ИИМдин маалымат катчысы министр соттун чечимин аткарууга мажбур болгонун айтат:

- Министрдин бул жерде эч кызыкчылыгы жок. Соттун мыйзамдуу чечимин аткарууга мажбур болду. Ал эми Рахманов болсо министрдин буйругун аткарууга каршы чыкты.


Кадр саясатындагы калпыстыкпы?


Бул ИИМдин жетекчилери ортосундагы алгачкы чатак эмес. Өткөн айда да ИИМдин ичинде айрым бир структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу пикир келишпестиктер чыккан. Анын негизинде кеңешме учурунда министрдин орун басары менен кайым айтышып, үзгүлтүккө учуратканы үчүн Уюшма кылмыштуулук жана коррупция менен күрөш боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиев баштаган сегиз кызматкери сөгүш алган.

Өмүрбек Кутуев
Өмүрбек Кутуев
Тартип коргоо жетекчилери ортосундагы мындай тирештин кесепеттери жаман болоорун мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев “Азаттыкка” билдирди:

- Негизинен ички иштер кызматкерлеринин өз ара чатактары азыр жашыруун деле болбой калды. Буга чейин алар прокуратура, УКМКнын кызматкерлери менен тирешип келатышкан. Эми болсо өз ара тиреше баштаганы жакшы жорук эмес. Алар кылмышкерлер менен күрөшүш керек. Анын ордуна башкаларга жаман үлгү болуп, бири-биринин сөзүн укпай жатканы туура эмес. Мындан кийин райондук милициянын башчылары облусту укпай, жумуштан алындың десе, буйрукту аткарбайм деп бири-бирине курал такап кирсе эмне болот?

Ал эми ИИМдин байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары, “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова муну туура эмес кадр саясатынын кесепети катары баалайт:

- Бул туура эмес кадр саясатынын жыйынтыгы болду окшойт. 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин мыйзамга такабай туруп эле көп кызматкерлер кызматтан алынган. Эми ошолордун айрымдары соттун чечими менен кызматтарына келе баштады. Акыркы жылдары ИИМде жетекчилер саясий негизде эле дайындалып калды. Алар кесипкөйлүгүнө жараша эмес, кайсы бир саясий топко мүчө болгону үчүн кызмат берилип жатат. Анан алардын ортосунда карама-каршылыктар пайда болуп калды. Ошондуктан муну тезинен жөнгө салбаса болбойт.

ИИМдин ички коопсуздук боюнча башкармасы милиция кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылып, мыйзам бузгандарды жазалоо милдетин аркалайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG