Оштун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна дагы кар көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекиловдун айтымында, өткөн түнү саат 02:00 чамасында аталган унаа жолдун 98-чакырымында көлөмү болжол менен 625 м³ болгон кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылып калды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
26-декабрда да кардын көп жааганына байланыштуу аталган унаа жол 60-чакырымынан 130-чакырымына чейин убактылуу жабылган. (RK)
26-декабрда да кардын көп жааганына байланыштуу аталган унаа жол 60-чакырымынан 130-чакырымына чейин убактылуу жабылган. (RK)