Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери курултайга чогулат


Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө иштеп кеткен ардагерлер курултай өткөргөнү жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады. Январ айында өтчү курултайда аскер кызматкерлерин, тартип коргоо органдарында иштегендерди, алардын үй-бүлөлөрүн, ардагерлердин социалдык-экономикалык укуктарын коргоо маселелери талкууланат. Негизгиси – пенсияга азык-түлүк үчүн кошумча акчанын 1996-жылдан бери төлөнбөй келатканы.

2009-жылдын 31-декабрына карата өкмөттүн бул карызынын суммасы 450 миллион сомго жетип калган. Соттун чечими турса да бул милдети аткарылбай жатат”, - дейт запастагы полковник Анвар Сартаев.

Финансы министрлиги азырынча комментарий бере элек. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG