Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Исфана: Шаар кеңеш төрагалыгы талашка түшүүдө


Баткендин Исфана шаардык кеңешинин төрагалык кызматы талашка түшүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Ата Мекен" партиясынын Исфанадагы ишенимдүү өкүлү Мирбек Бабакулов билдирди. Анын айтымында, БШКнын өкүлүнүн басымы менен төрагалыкка азчылыкта калган Социал-демократтар партиясынын өкүлү шайланганы мыйзамсыз болууда. Бабакулов шаар кеңештин төрагалыгына көпчүлүк коалициянын гана өкүлү талапкер боло алат деген талап бузулганын, мындай норма "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамдын 37-беренесинде камтылганын айтты.

25-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгында шаар кеңешке келген "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Республика" партиялары "Ынтымак" деген көпчүлүк коалиция түзгөн. Ага 31 депутаттын 18и кирди. Калган 13 депутат Социал-демократиялык партиянын өкүлү. Алар оппозицияда калды. (RK)

XS
SM
MD
LG