Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Айрым бейөкмөт уюмдар Эдил Байсаловду кызматтан алууну талап кылууда


Социалдык өнүгүү министрлигинин байкоочу кеңешинин айрым мүчөлөрү жана бир катар бейөкмөт уюм өкүлдөрү президент, премьер-министр жана “Ата Мекен” партиясынын төрагасына ачык кат жолдошту. Алар өз катында социалдык өнүгүү министринин орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алууну талап кылышкан. Нааразы тараптын жүйөсүндө, Байсалов башында туруп даярдалган эл аралык бала асыроочу уюмдарды Кыргызстанда каттоо тартиби жөнүндөгү жаңы жободо коррупциялык схемалар сакталып калган. Буга карабай Эдил Байсалов аны өткөрүүгө аракет кылып жатат.

Бирок Эдил Байсалов аталган жобо коррупцияга каршы бир нече экспертизадан өткөнүн, жарандык коом өкүлдөрү сын айтканы менен аны оңдоого бир да сунуш беришпегенин билдирген.

Байсаловдун айтымында, ноябрдан бери коомдук талкуудагы жобо жакында өкмөттүн кароосуна жөнөтүлүүдө. Өкмөт талкуулаган соң жобо кабыл алынышы керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG