Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

30-декабрга карата аба ырайы


Шашылыш билдирүү

29-декабрдан 2-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137 км, 198-265 км), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 км) жана Каракол - Эңилчек (45-90 км) тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалар ортосунда 500 метр аралыкты айдоочулар так кармоосу керек.

Аба ырайы
30-декабрда өлкө боюнча кар жаабайт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Шамал түндүк-чыгыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -12...-17, түндүгүндө -19...-24, күндүз -3...+2, түндүгүндө -6...-11,
Талас облусунда түнкүсүн -19...-24, күндүз -2...-7,
Баткенде түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...-5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3,
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -7...-12,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33...-38, күндүз -12...-17,
Тоолордо түнкүсүн -22...-27, ал эми күндүз -10...-15 болот.

Бишкекте кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -14...-16, күндүз -10...-15 градус.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG