Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Жогорку Кеңеш ГЭСтер боюнча макулдашууну карады


Жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорду кечээ Жогорку Кеңеш биринчи окууда карап, добуш берүүгө жиберди. Келишимдин мазмуну менен энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов тааныштырды. Ага ылайык, Жогорку Нарында курулчу 8 ГЭСтин чыгымын Орусия толугу менен көтөрөт. Ага жумшалчу насыянын жылдык үстөгү 2,5 пайыз болот. Эки өлкөгө 50 пайыздан үлүш тийет, бирок ГЭСтин чыгымы акталганга чейин Кыргызстандын үлүшүнүн 25 пайызы дагы орус тараптын башкаруусуна берилет. Бул келишимге кыргыз-орус өкмөттөрү 2012-жылдын 20-сентябрында кол койгон.

Камбар-Ата-1 ГЭСин толук куруп бүтүрүүгө кетчү чыгым 2009-жылы айтылган 1,7 миллиард доллардан өзгөрүп кетүүсү мүмкүн. Анткени ага сарпталчу каражаттардын баасынан көз каранды болот. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG