Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Өз билемдик менен соттук-медициналык экспертиза өткөргөн судьяларга чара көрүлөт


Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таратты. Ага ылайык, соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүп, айыпталуучуларды жоопкерчиликтен бошоткон сотторго дисциплинардык чара көрүлөт. Мындай билдирүүнү Башкы прокуратура 2011-жылдын жана 2012-жылдын жарым жылдыгындагы соттук иштерди анализдеп чыккандан кийин соттордун кеңешине жөнөттү.

Өзгөчө оор кылмыш жасагандар соттук-психиатриялык текшерүүдөн сөзсүз өтөт. "Кылмыш жасалган учурда адамдын акыл-эси жайында болгон" деген бүтүм чыккандан кийин гана иш соттун кароосуна өткөрүлөт. Бирок сотко өткөндөн кийин дагы судьялар кайталап соттук-психиатриялык эксптериза өткөрүп, айыпталуучу жоопкерчиликтен куткарылып жүрөт. Биринчи экспертиза менен экинчиси дал келбеген учурда объективдүүлүк үчүн дагы жалпылоочу экспертиза жүргүзүлүш керек жана биринчисинин жыйынтыгынан эмнеге шек саналып жатканы дыкат изилдениш керек. (AKu)

XS
SM
MD
LG