Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Баткендин чек аралаш айылдарында 5 бала бакча ачылды


Баткен районунун чек аралаш айылдарында акыркы эки айда беш бала бакча ачылганын "Азаттыкка" бүгүн АКШнын өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен районунда 6 жашка чейинки 5 миңден ашык бала болсо анын 24 пайызы гана бала бакча менен камсыз болгон. 1990-жылдары райондо 22 балдар бакчасы болсо, учурда алар менчиктешип, талап-тонолуп 10 чактысы гана калган. Азыр эл аралык уюмдардын жардамы менен мектепке чейинки балдарды бакчаларга тартуу иштери кайра жанданып жатат. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен акыркы эки айда Баткен районунун чек аралаш айылдарында 5 бала бакча ишке берилди. Буга чейин аталган райондо16 бала бакча иш алып барып, миңден ашык баланы тарбиялап келген. Жаңы жылдан тарта 21 бала бакча иштеп 1,5 миңдей бала бакчага барат. (JsA)

XS
SM
MD
LG