Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:50

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн


30-декабрдан 2-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдарында), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымында) жана Мырзаке - Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдарында) унаа жолдорунда кар көчкүсү күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, муз тоңот. Тоолуу жолдордо унаалардын арасында 500 метр аралыкты сактоо сунуш кылынат.

Аба ырайы

31-декабрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -9…-4, түндүгүндө -20…-15, күндүз +4 .. +9, Талас облусунда түнкүсүн -14…-9, күндүз +4 .. +9,
Баткенде түнкүсүн -7…-2, күндүз +3…+8 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -10…-5, күндүз +2 …+7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6,
Нарында түнкүсүн -25…-20, күндүз -13…-8,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -38…-33, күндүз -15…-10,
Тоолордо түнкүсүн -28…-23, ал эми күндүз -13…-8 болот.

Бишкекте жаан жаабайт, жолдор тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы –7 ... -5 градус, күндүзгү жогорку температурасы +7…+9 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG