Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:01

Индияда зордукталган кызды бүгүн акыркы сапарга узатышты


Нью-Делиде кремация алдында, 30-декабрь, 2012

Нью-Делиде кремация алдында, 30-декабрь, 2012

23 жаштагы студент кыз Сингапурдагы ооруканада бир топ операциялардан кийин кечээ эртең менен көз жумган. Бүгүн Нью-Делидеги Дварка районунда анын денесин салтка ылайык күйгүзүштү. Догдурлар 16-декабрда зөөкүрлүк менен зордукталып, катуу келтек жеген кыздын өмүрүн сактоого мүмкүн болбогонун айтышты. Аны автобуста бараткан жеринен алты киши уруп, сексуалдык зордук көрсөтүшкөн. Бул окуя бүтүн өлкө боюнча нааразылык толкунун тутантып, жаалданган эл өкмөттөн ал кылмыш тобунун мүчөлөрүн дарга асууну талап кылган. Кечээ полиция студент кызды зордуктагандарга “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин ачканын, күнөөсү далилденсе алар өлүм жазасына өкүм кылынаарын кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG