Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Бишкекте Аяз аталардын жүрүшү өтөт


31-декабрда Бишкекте Аяз ата жана Аяз кыздардын жүрүшү өтөт. Жүрүшкө чыккандар саат 10:00дө “Ала-Тоо” кинотеатрынан Бишкек шаардык мэриясынын имаратынын алдына чейин келип, кайра Ала-Тоо аянтына барышат.

Жүрүштү Санта-Клаустун кийимин кийген шаар мэриясынын оркестринин өнөрпоздору музыка менен коштойт. Анын башында Аяз ата мене Аяз кыз куттуктоо сөзүн айтып жүрмөкчү.

Бул күнү күндүзү Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт болот. Салтанатты кечинде эстрада жылдыздары улантып, жаңы жылдык шаан-шөкөт түн жарымда салт болуп калгандай фейерверк менен жыйынтыкталат. (AKu)

XS
SM
MD
LG