Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Орусия: авиакырсыкта өлгөндөрдүн саны беш адамга жетти


Кечээ Москвадагы “Внуково” аэропортуна кулаган учактын экипажынын дагы бир мүчөсү алган оор жарааттарынан бүгүн ооруканада жан берди. Азыр ооруканаларда дагы үч адам калууда. Бүгүн бир аз мурдараак кулаган учактын “кара кутусу” иликтенип жатканы кабарланган. Орусиянын авиация адистери Ту-204 учагынын кырсыкка учурашына пилоттордун катасы себеп болушу мүмкүн экенин айтышкан. Орусиядагы Red Wing компаниясына таандык учак Чехиядан келатып, “Внуково” аба майданына коноордо жерге кулап, учуу нугунан чыгып кеткен. Учак сынып, өрт чыккан. Анда жүргүнчүлөр болгон эмес, жалаң экипаждын сегиз мүчөсү бар эле.

XS
SM
MD
LG