Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Обама курал көзөмөлү боюнча 2013-жылы жаңы мыйзамдарды сунуштайт


АКШнын президенти Барак Обама өлкөдө курал менен байланышкан зордук-зобунду азайтыш үчүн ага ээлик кылуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө убада берди. Бүгүн сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө Обама курал алууну самагандарды текшерүүнү күчөтүп, ок чыгаруучу куралды элге бербөөнү караган эрежелерди киргизиш үчүн кеңири коомдук жана саясий колдоону тапканга аракет кылаарын айтты.

Обаманын билдирүүсү Коннектикут штатында психикалык оорулуу жигит балдар бакчасында 27 адамды, анын ичинде 20 жаш баланы атып өлтүргөн трагедиялуу окуядан эки аптадан кийин жасалууда. Мамлекетте куралга ээлик кылууну колдогондор, өзгөчө Курал колдонуучулардын Улуттук ассоциациясы, бул өңдүү чабуулдардын алдын алыш үчүн мектептерди курал менен камсыздоо керектигин айтышкан. Бирок Обама мектептерге курал таркатуу маселени чечүүнүн жакшы жолу эмес экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG