Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Москвадагы учак кырсыгынан бешинчи адам көз жумду


Москванын “Внуково” аба майданындагы учак кырсыгында жараат алган Татьяна Пенкина аттуу стюардесса ооруканада көз жумду. Натыйжада кырсыктан мерт болгондордун саны бешке жетти. Экипаждын дагы үч мүчөсү оор абалда ооруканада жатат.

Ишемби күнү Red Wing авиакомпаниясына караган Ту-204 учагы аба майданына коноордо нуктан чыгып кеткен. Жыйынтыгында эки канаты жана куйругу сынып, учакта өрт чыккан. 200 кишиге ылайыкташкан бул учакта экипаждан башка жүргүнчүлөр болгон эмес. Учак Чехияга жүргүнчү жеткирип, кайра кайтып келе жаткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG