Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Брахими Сирияны “тозоктон” сактап калууга үндөдү


Эл аралык чабарман Лахдар Брахими дүйнө коомчулугун Сирияда 21 айдан бери уланып келе жаткан согушту токтотууга багытталган планын колдоого чакырды. БУУнун жана Араб лигасынын чабарманынын айтымында, бул план июнь айында Женевада кабыл алынып, кийин аткарылбай калган тынчтык орнотуу демилгесине негизделген. Брахими ок атууну токтотуп, жаңы өкмөт түзүүнү сунуштоодо. Муну менен ал өлкө президенти Башар Асаддын алешемдиктери “жуулуп калбастыгын” эскертүүдө.

Жекшембиде Брахими Сириядагы кырдаалды “абдан жаман” деп мүнөздөп, саясий чечим гана өлкөнү “тозоктон” куткарып калаарын белгиледи. Сирияда кагылышуулар башталгандан бери 44 миңдей адам мерт болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG