Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Электр энергиясын чектөө дагы он күнгө созулат


Токтогул ГЭСинде иштен чыккан төртүнчү агрегатты оңдоп-түзөө иштери 10-январга чейин созулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары Райымбек Мамыров билдирди. Анын айтымында, ГЭС толук кубаттуулукта иштебегендиктен Бишкек шаарынан башка аймактарда электр энергиясын чектөө улана берет.

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү агрегаттын ишиндеги мүчүлүштүк 27-декабрда аныкталган. Гидроэнергетиктер электр энергиясын иштеп чыгууда агрегатка күч келген деген жоромолду айтышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG