Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Бишкекте Аяз аталар жүрүшкө чыкты


Бүгүн Бишкекте салтка айланган Аяз ата менен Аяз кыздардын жүрүшү өттү. Жүрүштү Санта Клаустун кийимин кийген шаар мэриясынын оркестринин өнөрпоздору музыка менен коштоп чыгып, баш-аягы 400дөн ашуун адам катышты. Иш-чаранын алкагында Бишкек мэри Иса Өмүркулов шаардыктарды жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектер салынган баштыктарды Аяз аталарга тапшырды.

“Ала-Тоо” кинотеатрынан Бишкек шаардык мэриясынын имаратынын алдына, кайра Ала-Тоо аянтына чейин жүрүшкө чыккан Аяз аталар белектерди шаар тургундарына, конокторуна тапшырмакчы.

Бул күнү күндүзү Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт болот. Салтанатты кечинде эстрада жылдыздары улантып, жаңы жылдык шаан-шөкөт түн жарымда салт болуп калгандай фейерверк менен жыйынтыкталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG