Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Энергетиктер жарыкты өчүрбөөнүн камында


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов билдирди. Анын айтымында, бүгүн жаңы жыл тосуу учурунда министрлик электр энергиясын өчүрбөөнүн үстүндө иштейт. Эки сааттык чектөөлөр болсо Токтогул ГЭСиндеги иштен чыккан бир агрегат оңдолгондон кийин гана алынат. Ал эми жарык менен туруктуу камсыздоо Борбор Азиядагы энергетикалык алкактын ишине байланыштуу.

26-декабрда Токтогул ГЭСинин бир агрегатында басым көбөйүп, убактылуу токтотулган. Оңдоп-түзөө иштерин ушул жуманын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG