Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

АКШ мамлекеттик катчысы ооруканага жаткырылды


Мамлекеттик катчынын маалымат кызматынын өкүлү Филипп Рейнс кечээ дарыгерлер Хиллари Клинтонду текшергенде кан тамырларында уюган кандарды табышканын, андыктан Клинтон 2 күн ооруканада дарыланарын билдирди. Бул мезгилде дарыгерлер мамлекеттик катчы андан ары дагы ооруканада дарыланууга муктаж, же муктаж эместигин аныкташат.

Ушул ай башында Клинтон эс-учун жоготуп, мээси чайкалган. Ага чейин чет өлкөлөрдөгү сапардын биринде ичеги-карын инфекциясын жуктуруп, катуу сыркоолоп калган. 65 жаштагы Клинтон мамалекетик катчы кызматына келгенден бери 112 өлкөгө барган, буга чейинки АКШнын жогорку дипломаттары мындай көрсөткүчкө жетпептир.

XS
SM
MD
LG