Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Өкмөт башчы элден кечирим сурады


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жаңы жыл алдындагы элге кайрылуусунда күнүмдүк турмуштагы ыңгайсыздыктар үчүн өкмөттүн жана өзүнүн атынан элден кечирим сурады. Ал өкмөттүн ишинде ийгиликтерге караганда кемчиликтер көп экенин моюнга алып, 2012-жылы өндүрүштүн көлөмү төмөндөгөнүн белгиледи.

“Жаңы жыл ак эмгектин, мамлекетибиздин өсүшүнө тоскоол болуп жаткан кемчиликтер менен күрөшүүнүн жылы болот деп ишенем. Кыргыз өкмөтү болсо өз кемчилигинен чоң сабак алды”,-деп жазылат өкмөттүн басма сөз кызматы таркаткан билдирүүдө.

Натыйжада өкмөт жаңырган жылы экономиканын түзүмүн жакшыртып, чечкиндүү иш-аракеттерге өтөбүз деп убада кылууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG