Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Чиновниктер декларация толтура баштайт


1-январдан тарта Кыргызстандын бардык аймактарында саясий кызматты ээлеген адамдар кирешелери тууралуу декларация толтура башташат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз катчысы Айгүл Кубатова билдирди. Анын айтымында, декларация толтуруу жараяны 1-мартка чейин созулмакчы.

Аткаминерлердин жылдык кирешесин текшерген бул жараян Кыргызстанда 2004-жылдан бери өтүп келе жатат. Былтыр айрым жогорку деңгээлдеги саясатчылар кирешелерин толук көрсөткөн жок деп сынга кабылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG