Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

RFE/RL президенти Стив Корн кызматтан кетет


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стив Корн соңку билдириүүсүндө эл аралык радионун жетекчилигиндеги кызматынан 25-январда кетээрин жарыялады. Жалпысынан ал “Азаттык” радиосун эки жылга жакын башкарды.

“Азаттыкты” реформалоо боюнча кадамдары бир топ сынга алынып, каршылыкты жаратканына карабай, Корн өзү кызматтан кетишинин себебин үй-бүлөлүк жагдайлар менен түшүндүргөн. Ал коштошуу катында “Азаттыктын” журналисттерин мактап, мындан ары да радио улам өзгөрүп жаткан медиа дүйнөсүндө жаңыланууга даяр болушу зарыл деп эсептей турганын айтты. Азырынча анын ордун ким ээлери белгисиз.

XS
SM
MD
LG