Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Францияда жаңы жыл күнү миңден ашык унаа өрттөлдү


Жаңы жыл күнү Францияда бейбаш топтор 1200гө жакын машинаны өрттөп салышты. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул күнү Страсбург жана Мулхаус шаарларында бейбаш жаштар менен полиция кагылыша кетип, 300дөн ашык адам камакка алынды. Франция бийлиги акыркы үч жылдан бери биринчи жолу өрттөлгөн машиналардын так санын жарыялап жатат. Мурдагы президент Николя Саркозинин өкмөтү бейбаштарга болгон көпчүлүктүн көңүлүн жайгаруу үчүн келтирилген зыян боюнча маалымат берүүнү токтотуп койгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG