Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Сирияда соңку кагылышуудан Алеппо аэропорту жабылды


Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен оппозициянын шейшемби күнкү кагылышуусу өлкөдөгү эң чоң шаар саналган Алепподогу эл аралык аэропорттун жабылышына алып келди. Сириядагы Адам укуктары үчүн обсерватория билдиргендей, аэропорт көтөрүлүшчүлөрдүн чабуулунан улам дүйшөмбү күнү кеч менен жабылган.

Көтөрүлүшчүлөр аба мейкиндигин көзөмөлдөө үчүн аэропортту көбүрөөк бутага алып жатышат. Оппозиция өкмөттүн аба күчтөрүн өз максаттарына жетүүдөгү негизги тоскоолдук катары сыпаттоодо. Буга чейин аскердик учактар Дамасктын четиндеги Дарая аймагына абаддан сокку урган. Президент Башар ал-Асаддын режимине каршы мындан 22 ай мурда башталган кагылышуулардан 45 миңден ашык адам мерт кеткени кабарланууда. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG